Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат: "Эркечтам" жана "Торугарттын" иш графиги

Коом Загрузка... 30 Декабрь 2025 10:14
-------------------_IwGLJkl.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Жаңы жыл майрамына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары 2026-жылдын 1-январында убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пунктунда 2026-жылдын 1-январында саат 22:00дөн тартып, ал эми "Торугарт" өткөрүү пунктунда 2026-жылдын 2-январында саат 08:00дөн тартып кайрадан жандандырылат.

Чек ара кызматы жарандардан жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынан мамлекеттик чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранат.