Кыргыз күрөшү боюнча Шүкүров Толубай финалга чыкты

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 17:15
Кыргыз күрөшү боюнча Шүкүров Толубай финалга чыкты
copyright icon KABAR Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз күрөшү боюнча мелдештер өтүүдө.

Кыргыз күрөшү боюнча мелдешке 45тен ашуун өлкөдөн 92 балбан катышууда.

Кыргызстандын атынан үч балбан — 60 кг, 84 кг жана 84 килограммдан жогорку салмак категорияларында күч сынашып жатканын Кыргыз күрөшү боюнча курама командасынын улук машыктыруучусу Азизбек Айтмурза уулу “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 60 кг салмакта күч сынашкан балбан Толубай Шүкүров финалга чыгып, 1-2-орун үчүн күрөшөт.

  • “Белгилүү болгондой, 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ичинде кыргыз күрөшү дагы бар. Кыргыз күрөшү бүгүнкү күндө абдан кызыктуу мелдештердин бири. Кыргыз күрөшкө 45тен ашуу мамлекеттен келип катталып, учурда күрөшүп жатышат. Биздин үч балбан 60 кг, 84 кг жана 84 килограммдан жогору салмакта күрөшөт.
Ошол салмактагы спортчулардан азыркы мезгилде 60 кг салмактагы балбан Толубай Шүкүров финалга чыкты. Ал эми башка балбандар дагы жакшы күрөшүп келе жатат. Азыр балдарыбыз утула элек. Бардыгы алтын медаль алат деген үмүттөбүз”,- деди машыктыруучу.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.