Кыргыз-корей кызматташтыгы: Жаңы биргелешкен долбоорлор ишке ашат

Министрлер кабинети 10 Март 2026 09:50
69aec99cc34ef-thumb.jpeg
69aec97c77a2c-thumb.jpeg
69aec98a7996d-thumb.jpeg
69aec98a83467-thumb.jpeg
69aec9906c62f-thumb.jpeg
69aec9987b92d-thumb.jpeg
69aec9986775b-thumb.jpeg
69aec99069409-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69aec99cc34ef-thumb.jpeg
69aec97c77a2c-thumb.jpeg
69aec98a7996d-thumb.jpeg
69aec98a83467-thumb.jpeg
69aec9906c62f-thumb.jpeg
69aec9987b92d-thumb.jpeg
69aec9986775b-thumb.jpeg
69aec99069409-thumb.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангдже менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кореянын ортосунда ар кандай тармактагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечек багыттарын талкуулашып, өзгөчө айыл чарба жана суу ресурстары тармагына көңүл бурулду. 

Ошондой эле тараптардын жолугушуусунда үстүбүздөгү жылга пландалган жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Кореянын ортосунда карала турган эки тараптуу документтердин даярдыгынын жүрүшү сүйлөшүлдү. 

Мындан тышкары, Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кореянын ортосунда мал чарбачылыгы, үрөөнчүлүк чарбасы, азык түлүк жана суу ресурстары сыяктуу төрт тармакта активтүү кызматташуу жүрүп жатканы айтылып, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү да каралды. 

Ал эми жолугушууга катышкан Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Со Йон жана Кореянын айыл чарбасы боюнча эл аралык программасынын (KOPIA) Кыргызстандагы борборунун директору Кванг Сог Чу буга чейин көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууда жана учурдагы долбоорлордун үстүндөгү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, алдыда тыгыз иштешүүгө даяр экендиктерин билдиришти. 

Жолугушуунун соңунда Эрлист Акунбеков жана Ким Квангдже өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана конструктивдүү кызматташууну улантуу тууралуу макулдашты.