Кыргыз компаниясы Ташкенттеги көргөзмөдө өз мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды

Коом 31 октябрь 2025 17:00
photo_31_1.jpg
photo_31_2.jpg
Алдыга
Артка
photo_31_1.jpg
photo_31_2.jpg
Алдыга
Артка

Ташкент, 31.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын «Артбласт Групп (Аджи-Сервис)» компаниясы Өзбекстандын борборунда 28–30-октябрда өткөн «MiningMetals Uzbekistan 2025» эл аралык көргөзмөсүндө жана UIMF 2025 Эл аралык тоо-металлургия форумунда өзүнүн өндүрүштүк жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын өкүлдөрү заманбап өнөр жай жабдууларынын үлгүлөрүн, автоматташтыруу жана өндүрүштүк коопсуздук жаатындагы чечимдерди сунушташты.

«Артбласт Групп (Аджи-Сервис)» компаниясынын экспонаттары көптөгөн катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Иш-чаранын жүрүшүндө өзбек жана чет элдик ишкерлер менен түз B2B байланыштар орнотулуп, келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Маалыматта мындай тармактык көргөзмөлөргө катышуу ишкердик байланыштарды чыңдоого, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана заманбап өнөр жайдагы жаңы багыттар менен таанышууга өбөлгө болору айтылат.