Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. “Кыргыз көмүр” ишканасында 21 лицензия бар. Бул тууралуу аталган мекеменин директору Кайрат Маматов “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, былтыр түштүк региондорду арзан жана сапаттуу кара отун менен камсыз кылуу үчүн эки жаңы кен ачылды.
“2012-жылы “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Кара-Кече” мамлекеттик ишканасы бириктирилген. Үч жыл мурда биздин түштүк филиалыбыз ачылып, президенттин тапшырмасы менен жаңы лицензиялар берилген. Түштүк региондорду арзан жана сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу максатында былтыр эки жаңы кен ачтык. Жалпысынан бизде 21 лицензия бар. Ал эми өлкө боюнча буга чейин бардыгы болуп жеке тараптарды кошкондо кен казуу, чалгындоо иштерине 300дөн ашык лицензия берилген. Негизинен 4-5 млрд тонна көмүр запасы бар деп айтылууда. “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы Кара-Кече кенинде изилдөө иштерине ылайык, 400 млн тоннага жакын кара отундун кору бар”, - деди ал.