Кыргыз-казак чек арасында унаалардын кезеги пайда болду. Себеби эмнеде?

Коом Загрузка... 25 Май 2026 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик чек ара кызматы

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда сезондук мезгилге байланыштуу жүк ташуу агымынын күчөгөндүгүнөн улам Кыргызстандан чыгуу багытындагы "Ак-Тилек-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу байкалууда.

"25-майга карата "Ак-Тилек-автожол" пунктунун алдында чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн 150гө жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат. Ал эми Казакстандан Кыргызстанга кирүү багытында унаалардын топтолушу катталган жок", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кыргыз тараптан текшерүү процедуралары ыкчам тартипте жүргүзүлүүдө. Чек арачылар коопсуздук талаптарын жана колдонуудагы мыйзамдарды так сактоо менен бирге, жарандарды, унааларды жана жүктөрдү мүмкүн болушунча тез каттоону камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатышат.