Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры бүгүн, 23-сентябрда 100-театралдык сезонунун ачылыш аземин өткөрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага министрдин орун басары Айбек Дайырбеков катышып, театр жамаатын жана көрүүчүлөрдү жаңы сезон менен куттуктады.
Аземде театрдын директору, Кыргыз Республикасынын эл артисти Асылбек Өзүбеков жана көркөм жетекчиси, эмгек сиңирген артисти Албина Имашова сөз сүйлөштү. Ошондой эле театр өнөрүнүн улуу муунунун өкүлдөрү куттуктоо айтып, чыгармачыл муунга ак баталарын беришти.
Жаңы сезон Кыргыз эл акыны, драматург Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" чыгармасынын негизинде сахналаштырылган "Төлгө" спектакли менен ачылды.
Юбилейлик 100-сезондун алкагында көрүүчүлөрдү жаңы спектаклдер, чыгармачылык долбоорлор жана маданий иш-чаралар күтөт.