Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Атанын тагдыры" спектакли көрсөтүлдү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, коюу кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына арналган фестивалдын программасында тартууланды.
Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде ата менен баланын мамилеси, адамдык баалуулуктар жана муундар ортосундагы байланыш темалары чагылдырылат.
Спектаклдин режиссёру — Арнис Кыдырмышев. Коюу көрүүчүлөрдү үй-бүлөлүк баалуулуктар жана муундар байланышы тууралуу ой жүгүртүүгө чакырат.
Белгилей кетсек, XIV республикалык театр фестивалы кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесине арналган.