Бишкекте "Эрөөл" спектаклинин бет ачары өттү

Маданият 12 Апрель 2025 16:49
FB_IMG_1744454329403.jpg
FB_IMG_1744454337528.jpg
FB_IMG_1744454335541.jpg
FB_IMG_1744454333392.jpg
FB_IMG_1744454331363.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1744454329403.jpg
FB_IMG_1744454337528.jpg
FB_IMG_1744454335541.jpg
FB_IMG_1744454333392.jpg
FB_IMG_1744454331363.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 12.04.25. /Кабар/. 10-11-апрелде "Учур" мамлекеттик жаштар театры КР Эл жазуучусу Мар Байжиевдин "Төрт адам" драмасынын негизинде "Эрөөл" спектаклинин бет ачарын тартуулады.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, аталган спектакль көрүүчүлөргө М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын сахнасында көрсөтүлдү.

Спектакль бүгүнкү коомдун эң көйгөйлүү маселеси болгон психологиялык зомбулукту, абьюзердик мамилени, аялзатынын жан дүйнөсүндөгү буюккан букту, жылчык таба албаган, депрессиялык абалды, деги эле кыз баланын тагдыры ириде ата-энесинен, коомдон анан бакыт издеген адамынан көз каранды экендигин баяндайт.

Белгилей кетсек, спектакль КР Эл жазуучусу, Кыргыз кино академиясынын академиги, Искусство институтунун профессору, "Манас" орденинин кавалери Мар Байжиевдин 90 жылдыгына карата сахнаштырылды.