Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Кыргыз-беларусь бизнес форумунун алкагында 21 келишимге кол коюлду.
Бул документтердин жалпы суммасы 5 млн АКШ долларын түзөт.
Келишимдер эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык алакаларды арттырууга багытталган.
Документтер атайын техникаларды, курулуш материалдарын, кондитердик азыктарды, дары-дармек каражаттарын жеткирүүлөрдү жана башка пландарды ишке ашырууну көздөйт.