“Кыргыз АССРине 100 жыл: тажрыйба жана келечек” аттуу илимий кереге кеңеш өттү

Коом Загрузка... 02 Февраль 2026 16:16
WhatsApp Image 2026-02-02 at 09.53.57.jpeg
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунда мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы менен “Кыргыз АССРине 100 жыл: тажрыйба жана келечек” аттуу илимий кереге кеңеш өткөрүлдү.

Мамлекеттик катчы Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхын, советтик доордогу саясий жана коомдук процесстерди, ошондой эле улуттук аң-сезим менен иденттүүлүк маселелерин илимий жактан талдоо жана бул багыттагы изилдөөлөрдү өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Кереге кеңештин жүрүшүндө тарыхчылар, саясат таануучулар жана башка окумуштуулар архивдик материалдарды талдоого алып, концептуалдуу илимий сунуштар берилди.

Иш-чаранын соңунда мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын терең түшүнүүдө тарыхый сабактардын азыркы жана келечектеги өнүгүү багыттары менен айкалыштырып кароого илимий талкуулар өбөлгө түзөрүн белгилеп, илимий коомчулуктун бул багыттагы изилдөөлөрүн мындан ары да системалуу улантууга үндөдү.