Кыргыз аскерлери Түркияда эл аралык машыгууга катышууда

Коом 667 18 Май 2026 17:15
WhatsApp Image 2026-05-18 at 09.18.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-18 at 09.18.58 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-05-18 at 09.18.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-18 at 09.18.58 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Түркиянын Измир шаарындагы Картал полигонунда “Эфес-2026” эл аралык машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда 17 мамлекеттин аскердик контингенттеринин катышуусунда күжүрмөн ок атуу менен жыйынтыктоочу машыгуу өткөрүлдү.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин 35524 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери биргелешкен машыгуулардын жүрүшүндө практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүп, күжүрмөн даярдыгын жогорулатууда.

Ошондой эле Түркиянын коргонуу-өнөр жай комплексинин курал-жарак жана аскердик техникаларынын көргөзмөсү өтүүдө.

Машыгуунун көрсөтмө этабы 20–21-майда болот.