Кырчында “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасын даярдоо иштери аяктап калды

Көчмөндөр оюндары-2026 158 15 Август 2026 16:30
ии.webp
гг.webp
лл.webp
ммь.webp
Алдыга
Артка
ии.webp
гг.webp
лл.webp
ммь.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.08.26 /Кабар/. Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, аба ырайына байланыштуу курулуш иштеринин графигинен айрым учурларда кечигүүлөр болууда.

кк

“Бул жаңы технология, чопо менен иштөө да курулуштун жүрүшүнө таасирин тийгизүүдө. Балдар күнү-түнү иштеп жатышат. Кээде нөшөрлөп жааган жамгырларга карабастан, жумушчулар жамгырда кийүүчү кийимдерин кийип, ишин улантышууда. Жамгыр жааган учурда ширетүү иштери токтотулат, ал эми чопо менен иштөө улана берет”, — деди ал.

Ал Кырчын жайлоосунда эки тематикалык шаарча иштей турганын белгиледи. Анын бири кол өнөрчүлөр үчүн болсо, экинчиси этнофудкорттор үчүн уюштурулат. Эки шаарчада тең ар кандай сынактар жана фестивалдар өтүп, кол өнөрчүлөр мастер-класстарды өткөрүшөт. Министрдин орун басары белгилегендей, программа туристтер жана келген коноктор үчүн кызыктуу жана мазмундуу болот.

Аскаралы Мадаминовдун пикиринде, фудкорт зонасына 42 боз үй тибиндеги үй жайгаштырылат. Ар бир ресторан же коомдук тамактануу жайы өзүнүн аш тизмесин сунуштайт. Коноктор түрдүү улуттук тамактардан даам татып, ашпозчулар арасында сынактар жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.

Ал эми кол өнөрчүлөр шаарчасында 22 үй каралган. Мындан тышкары, мында усталар чебер-класстарды өткөрүп, конокторду өз буюмдары менен тааныштырып, кол өнөрчүлүктүн ар кандай түрлөрүн көрсөтө турган интерактивдүү зоналар уюштурулат.

Аймактын өзүнчө бөлүгүндө Кыргызстандын жети облусунун жана Бишкек, Ош шаарларынын боз үй шаарчалары жайгашат. Ар бир облус жана шаарлар 15тен боз үй тигишет.

IMG_5041.width-800
“Ар бир аймактын өзүнүн дарбазасы болот. Алар ар түрдүү болуп, ошол аймакты тааныткан маданиятына жана өзгөчөлүктөрүнө жараша жасалат. Мисалы, Ош шаарынын дарбазасынан Сулайман-Тоонун элесин көрүүгө болот”, — деди министрдин орун басары.

Ал боз үйлөрдө облустар жана шаарлар өз аймактарынын маданиятын, каада-салтын жана маданий программаларын конокторго тааныштыра турганын түшүндүрдү.

“Мындан тышкары, башкы сахнанын артында өнөктөштөр, эл аралык уюмдар, артисттер, бийчилер жана массалык иш-чаралардын катышуучулары үчүн боз үй шаарчалары жайгашат. Жалпысынан аймакка 500гө жакын боз үй тигилет”, — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле башкы сахнада дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген өнөр адамдарынын катышуусунда маданий программа уюштурулат.

IMG_5044_YCpFBCI.width-800

Мадаминов Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан өкүлдөр өз жерлеринен — мөңгүлөрдөн жана булактардан алынган сууну көөкөрлөргө куюп алып келерин айтты. Андан соң алар сууну Кырчындын аймагынан алып өтүшөт. Кийин бардык суу бир чоң идишке чогултулуп, эстафета катары кийинки өлкөгө өткөрүлүп берилет.

Министрдин орун басарынын айтымында, суу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу болот.

“Олимпиада оюндарынын символу от болсо, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу – суу”, – деди ал.