КУУда “Миру — Мир!” эл аралык студенттик кинофестивалдын бет ачары өттү

Маданият Загрузка... 25 Ноябрь 2025 10:29
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon КУУ

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика жана коммуникация институтунда “Миру — Мир!” эл аралык студенттик кинофестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган.

Фестивалга Россия, Казакстан, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан мамлекеттеринен келген студенттик тасмалар катышууда. Аталган ири иш-чара кино аркылуу тарыхты жеткирүү, маданий жана гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү эл аралык платформа катары уюштурулууда.

Фестивалдын ачылышында журналистика жана коммуникация институтунун директору Ш.Костюк кинематография согуш темасын жаштарга туура, адамдык жана руханий өңүттө жеткирүүдө чоң роль ойной турганын белгиледи.

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-элчиси Екатерина Чистова Улуу Жеңиш элдерди бириктирген жалпы тарых экенин билдирип, маданий диалогдун маанисин айтты.

Фестивалдын коногу Россиянын белгилүү театр жана кино актёру Игорь Петренко студенттерге кинонун тарыхый эстеликти сактоодогу орду тууралуу токтолуп, бүгүнкү күндөгү маалыматты бурмалоо доорунда кино аркылуу тарыхый окуяларды жайылтуу маанилүүлүгүн белгилеп өттү.