Анкарада Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар фестивалы жыйынтыкталды

Маданият 16 октябрь 2026 16:50
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.45.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.45.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.45.13 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.45.14 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.45.14.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.45.15 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.45.15.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.45.17 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.45.17 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.45.17.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-16 at 09.45.18.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Анкарада 11-Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар фестивалы гала-кече жана сыйлыктарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды.

Иш-чара 9-октябрда Кечиөрен муниципалитетинин Юнус Эмре маданият борборунда өттү. Фестивалга Түрк дүйнөсүнүн жети өлкөсүнөн кинорежиссёрлор катышып, толук жана кыска метраждуу, студенттик, ошондой эле жасалма интеллект технологиялары менен даярдалган тасмаларын сунушташты.

Фестивалда кыргызстандык кинорежиссёрлор да ийгилик жаратышты. Тынай Ибрагимовдун "21 километр" тасмасы Түрк мамлекеттер уюмунун заманбап туризм боюнча атайын сыйлыгына ээ болду. Кулпунай Бактыбайдын "Сапар" тасмасы студенттик тасмалар арасында калыстар тобунун мыкты тасма сыйлыгын алса, Сабин Кыдырова "Карыя жана искусство" тасмасы үчүн ТҮРКСОЙдун маданият жана искусство сыйлыгына татыды.

Фестивалдын негизги максаты - түрк дүйнөсүндөгү кино өнөрүн өнүктүрүү, чыгармачыл байланыштарды бекемдөө жана жаш кинорежиссёрлорду колдоо.