Стамбулдагы кинофестиваль "Айтматов" тасмасы менен ачылды

Маданият
Стамбулдагы кинофестиваль "Айтматов" тасмасы менен ачылды
copyright icon ЖИ

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Стамбул шаарында 3-ноябрда VI "Коркут ата" Түрк дүйнөсүнүн кинофестивалы "Айтматов" көркөм тасмасы менен ачылды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, аталган тасманы жаш режиссёр Каныбек Калматов тарткан.

Анда залкар жазуучунун балалык чагы, чыгармачылык жолу жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы чагылдырылган.

Ачылыш аземине ТҮРКСОЙдун башкы катчысы, Кыргызстандын эл жазуучусу Султан Раев, ошондой эле тасмада башкы ролдорду жараткан актёрлор Арина Исакова жана Абылай Марат уулу катышты.

Фестиваль 7-ноябрга чейин уланат.