Ошто Болот Шамшиевдин элесине арналган кинофестиваль өтөт

Маданият 16 октябрь 2026 16:40
Ошто Болот Шамшиевдин элесине арналган кинофестиваль өтөт
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. 7–9-ноябрда Ош шаарында II Эл аралык илимий-популярдык жана агартуучулук "Сулайман-Тоо" кинофестивалы өтөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 3000 жылдык тарыхы бар Ош шаарында, ыйык Сулайман-Тоонун этегинде өтө турган фестиваль Кыргыз Республикасынын баатыры, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин жаркын элесине арналат.

Иш-чаранын негизги максаты — илимди, билимди, маданиятты жана искусствону кинематография аркылуу жайылтуу, илимий-популярдык жана агартуучулук тасмаларды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо.

Фестивалдын программасында конкурстук жана атайын көрсөтүүлөр, лекциялар, мастер-класстар, ошондой эле Болот Шамшиевдин тасмаларынын ретроспективасы каралган.

Белгилей кетсек, фестиваль Кинематография департаментинин, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош мамлекеттик университетинин колдоосу менен уюштурулууда.