Адистер Кытайдын жер титирөөгө туруктуу курулуш ыкмалары менен таанышты

Коом 29 Апрель 2026 10:30
683739795_1473453134253731_3846440760241578207_n.jpg
681603039_1473453224253722_2527106561416481869_n.jpg
681889255_1473453120920399_8175394389997089319_n.jpg
682041651_1473453184253726_8262554270156879796_n.jpg
683603691_1473453127587065_2655965520299113406_n.jpg
683647256_1473453140920397_595025886544353480_n.jpg
684665967_1473453217587056_1848507358075967706_n.jpg
685752183_1473453190920392_6916255268109848751_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 29.04.26 /Кабар/. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери Кытайдын Пекин шаарына иш сапары менен барды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы дүйнөдөгү алдыңкы курулуш корпорацияларынын бири – CSCEC өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар курулуш тармагындагы заманбап инженердик чечимдер жана инновациялык технологиялар боюнча пикир алышты.

Кыргызстандык адистер Пекиндин тектоникалык жаракага жакын жайгашкан Шицзиншань районундагы курулуш объектисине барып, жер титирөөгө туруктуулукту жогорулатуучу атайын технологиялар менен таанышты.

Имараттарды долбоорлоодогу BIM (маалыматтык моделдештирүү) технологиясы жана термелүүнү азайтуучу демпфердик түзүлүштөрдү колдонуу тажрыйбасы изилденди.

Ошондой эле бийик имараттарды долбоорлоодогу өрт коопсуздугу, түтүн чыгаруу жана инженердик коммуникациялар боюнча кытайлык кесиптештердин презентациясы сунушталды.

Жыйынтыгында тараптар долбоорлоо жана курулуш тармагында тажрыйба алмашууну туруктуу негизде улантууну макулдашты. Бул кызматташтык Кыргызстандагы курулуш сапатын жана сейсмикалык коопсуздукту жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган.