Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Курулуш объектисиндеги кемчиликтер үчүн 2 инспектор иштен алынды. Бул тууралуу бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен өткөргөн жыйында белгилүү болду.
Жыйын 17-18-январда уюштурулган рейддик иш-чаралардын жыйынтыгына байланыштуу өттү. Анда кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин эки инспектору ээлеген кызматынан бошотулду.
Министр тиешелүү жетекчилерге курулуш объектилериндеги көзөмөлдү үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, мыйзам бузууларга жол бербөөнү жана жоопкерчиликти күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле курулуш иштеринин мыйзамдуулугуна, укуктук жана уруксат берүүчү документтердин так сакталышына, долбоордук талаптардын, курулуш нормалары менен эрежелеринин аткарылышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.
Белгилей кетсек, 17-18-январь күндөрү министр борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерин текшерип, өлкө аймагындагы бардык инспекторлорго курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүү тапшырмасын берген.