Курулуш компанияларына жаңы төлөмдөр тууралуу маалымат берилди

Коом 25 ноябрь 2025 10:40
FB_IMG_1763987129329.jpg
FB_IMG_1763987132097.jpg
FB_IMG_1763987133972.jpg
FB_IMG_1763987135891.jpg
FB_IMG_1763987143819.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1763987129329.jpg
FB_IMG_1763987132097.jpg
FB_IMG_1763987133972.jpg
FB_IMG_1763987135891.jpg
FB_IMG_1763987143819.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолукту.

Ведомстодон маалымдашкандай, жолугушууда Орунтаев министрлер кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы №393 токтомун ишке ашыруу жана ага киргизилген өзгөртүүлөр боюнча кенен түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, “Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого” толуктоолор киргизилди. Мындан ары курулуп жаткан объекттердин реестрине капиталдык курулуш, реконструкциялоо, имараттарды кайра профилдештирүү жана кайра пландоо объекттерин киргизүү (республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттерден тышкары) акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.

Төлөмдүн өлчөмү жана тартиби КР ченемдик-укуктук актыларына ылайык белгиленет. Тиешелүү төлөм курулуш субъекттери объектини реестрге киргизүү боюнча арыз берүүдөн мурда жүргүзүлөт.

Акы төлөнүүчү кызматтарды киргизүүнүн негизги максаты:

  • объекттерди каттоонун бирдиктүү механизмин түзүү;
  • курулуш сапатын жана коопсуздукту жогорулатуу;
  • курулуп жаткан объекттердин реестрин бир калыпта түзүү;
  • курулуш процессинде туруктуу мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылуу;
  • коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.

Министр өз сөзүндө бул өзгөртүүлөр курулуш тармагындагы тартипти чыңдоого, объектилерди каттоонун бирдиктүү механизмин түзүүгө жана курулуштун ар бир этабынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталгандыгын белгиледи.

"Биздин милдет ачык, системдүү жана жоопкерчиликтүү көзөмөлдү түзүү жана куруучуларды колдоо болуп саналат", - деди ал.

Жолугушуу курулуш компанияларынын жетекчилери тарабынан берилген суроолор жана тактоолор менен коштолду.