Бишкек, 03.05.26. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү курууда унаа токтотуучу жайлардын (парковка) маселесин чечүү үчүн курулуш компанияларына жаңы талаптар коюлду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Күн мурун министр Нурдан Орунтаев курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугуп, унаа токтотуучу жайлар долбоордо гана эмес, иш жүзүндө толук көлөмдө курулушу шарт экенин белгиледи.

”Буга чейин бекитилген долбоорлор кайра каралып, ченемдерди бузган 28 курулуш объектисинин макулдашуулары жокко чыгарылды”, -деген министр механикалык жана ротордук токтотуучу жайлардын коопсуздук стандарттары жогорулатылып, алар заманбап унаалардын габариттерине шайкеш келиши керек деди.
Жолугушуунун жыйынтыгында талаптарды аткарбаган компанияларга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрү эскертилди.