Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Социалдык фонд быйыл бир катар райондук башкармалыктар үчүн жаңы имараттарды алып, айрымдарына заманбап имараттарды куруп берди. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарындагы Октябрь райондук башкармалыгына Мамлекеттик ипотекалык компаниядан ыңгайлуу жерде жайгашкан имарат алынган. Ал эми Ленин райондук башкармалыгы үчүн Мамлекеттик мүлк фондунан 700 чарчы метр аянттагы имарат сатып алынган.
Мындан тышкары, Чоң-Алай райондук башкармалыгынын эски имараты бузулуп, ордуна эки кабаттуу заманбап имарат курулган. Алай райондук башкармалыгынын имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, Манас районунда жаңы эки кабаттуу имарат салынган.
Ошондой эле Биринчи май жана Сокулук райондук башкармалыктары үчүн жаңы имараттарды куруу иштери башталган. Аларды 2027-жылдын жай айларынын аягында же күз айларынын башында пайдаланууга берүү пландалууда.
“Мындан тышкары, 18 райондук башкармалыкка капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн каражат бөлдүк. Райондук башкармалыктарга косметикалык оңдоо иштерине да үзгүлтүксүз каражат бөлүнүп жатат. Буга чейин мындай иштерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок болчу. Азыр Социалдык фонддун өнүктүрүү фондуна түшкөн каражаттардын көбөйүшү менен бул иштерди аткарууга шарт түзүлдү”, — деди Бактияр Алиев.