Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. 2026-жылдын 1-июнунан тарта “Курулуш объекттерин ишке ашырууда жанында жайгашкан аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйрук кабыл алынды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, бул чечим шаардык чөйрөнүн сапатын жогорулатууга, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле калктуу конуштарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган.
Министр Нурдан Орунтаевдин буйругуна ылайык, көп кабаттуу турак жайлар, коомдук, административдик, коммерциялык жана өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо жана куруу учурунда курулуш компаниялары курулуш обьектилерине жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү боюнча иш-чаралар комплексин милдеттүү түрдө карашы керек.
Көрктөндүрүү иштерине төмөнкүлөр кирет:
- кирүүчү жолдорду жана ички өтмөктөрдү куруу;
- тротуарларды жана жөө адамдар үчүн атайын чакан өтмөктөрдү уюштуруу;
- унаа токтотуучу жайларды түзүү;
- тышкы жарыктандыруу системаларын орнотуу;
- жаан-чачын жана жер үстүндөгү сууларды агызуу системаларын куруу;
- жашылдандыруу иштерин жүргүзүү;
- объекттин толук иштеши үчүн зарыл болгон башка инфраструктуралык элементтерди камсыз кылуу;
- оор жүк ташуучу унаалар жана атайын техникалар тарабынан талкаланууга алып келинген жолдорду кайрадан оңдоо;
- жөө баскан адамдарга жана объектилердин жанында жайгашкан башка турак-жайларга ыңгайсыздыктарды жокко чыгаруу.
“Көрктөндүрүү иштери мындан ары курулушка бөлүнгөн жер тилкесинин чегинде гана эмес, зарыл болгон учурларда ага чектеш аймактарда да жүргүзүлүшү керек. Бул шаардык инфраструктураны бирдиктүү, коопсуз жана ыңгайлуу системага айландырууга багытталган”,- деп айтылат маалыматта.
Мындан ары Шаар куруу жана архитектура департаменти долбоорлорду кароодо аталган талаптардын толук камтылышын милдеттүү түрдө текшерет. Ошондой эле Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш процессинде көрктөндүрүү иштеринин сапатына жана өз убагында аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзөт.
Бул буйрук курулуш тармагындагы долбоорлордун сапатын жогорулатууга, калктуу конуштардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана жашоо, иштөө жана ишкердик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.