Курулуш иштери акыркы баскычта. Орто-Токой ГЭСи быйыл ишке берилет

Коом 618 24 Март 2026 10:35
657037586_927023479922628_7319602795962570693_n.jpg
657054179_927023676589275_2423833895238134186_n.jpg
657787813_927023453255964_5981397785281309627_n.jpg
658375765_927023483255961_2723702421802685916_n.jpg
656306666_927023576589285_3221333233712044311_n.jpg
656663532_927023653255944_6535081457936167507_n.jpg
656900367_927023546589288_1705754134731745188_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Нарын облусундагы Орто-Токой суу сактагычында курулуп жаткан ГЭСтин негизги жумуштары аяктап, ишке киргизүүгө даярдыктар башталды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, курулуш иштери азыр эң акыркы баскычында турат.

Белгиленгендей, адистер эң татаал делген техникалык жумуштарды бүтүрүштү:

  • Суу агуучу атайын туннель казылып бүттү.
  • Суу топтолуучу шахтанын бетондору куюлду.
  • Электр тогун иштеп чыгуучу №1 агрегаттын (генератордун) негизги тетиктери орнотулду.

ГЭС иштеп баштаганда, ал жерден чыккан ток жалпы мамлекеттик системага кошулушу керек.

Ошол себептен учурда төмөнкү иштер аткарылууда:

  • Бийик чыңалуудагы зымдарды тартуу үчүн темир мамылар орнотулуп жатат. Ал жерлерге техникалар барышы үчүн атайын жолдор салынууда.
  • Суу агып чыга турган каналдын жээктери бекемделип, сууну тазалоочу чыпкалар коюлууда.
"Орто-Токой ГЭСи ушул жылы ишке берилет. Бул станция иштеп баштаса, өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү көбөйөт. Бул өзгөчө кышкысын жарыктын өчпөй, ишенимдүү берилишине чоң жардам болот",-деп айтылат маалыматта.