Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында Кыргызстанда IV Элдик Курултай өтөт. Элдик курултай бул өлкөнүн жогорку жетекчилиги көйгөйлөрдү жөн гана белгилеп койбостон, аларды чечүүнүн жолдорун сунуштоого даяр, активдүү жарандар менен түздөн-түз пикир алмаша турган ачык талкуу аянтчасы.
Курултай мезгилдин талабына жараша мазмунун жаңылап турат. Өлкөдө жүрүп жаткан реформалардын жыйынтыгына, экономиканын өсүшүнө жана мамлекеттин алдыга жылышына байланыштуу, курултайдын негизги максаты өзгөрбөсө да, анын айрым милдеттери менен багыттары учурдагы шарттарга ылайык өнүгүп барат.
Саясий илимдердин доктору Токон Мамытов курултайдын ыйгарым укуктарын мыйзамдык жактан күчөтүү жана анын демилгелеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселесин талкуулоону сунуштады. Ал Элдик курултайдын аткара турган милдеттери, түзүмү жана делегаттар талкуулай турган негизги маселелер боюнча өз пикирин билдирди.

“Курултайдын учурдагы түзүмү жана ишмердүүлүгүнүн форматы коомдун күтүүлөрүнө жооп береби?” — деген суроону Мамытов өзгөчө баса белгиледи.
Анын айтымында, курултайларда айтылган пикирлер өлкөнүн өнүгүү стратегиясын аныктоодо эске алынып, мамлекеттик саясатка таасир этет.
«Элдик курултай бул элдин үнүн чагылдырган жана коомдук маанидеги эң маанилүү маселелер боюнча консенсусту түзүүгө жардам берген жогорку форум. Ал улуттук биримдикти жана жарандык жоопкерчиликти бекемдөөгө өбөлгө түзөт», — деди Токон Мамытов.
Ал ошондой эле курултайдын катышуучулары төмөнкү принциптүү маселелерди талкуулап чыгуу зарыл деп эсептейт:
- Кайсы мамлекеттик институттар элдин ишенимин жоготту жана аны калыбына келтирүү үчүн кандай реформалар талап кылынат?
- Глобалдашуу шартында улуттук өзүн-өзү аңдоо, маданий өзгөчөлүк жана инсандыкты сактоо үчүн мамлекет, коом жана жаран кандай чараларды көрүшү керек?
- Улуттук өнүгүүнүн негизи катары кайсы адеп-ахлактык баалуулуктарды тааныйбыз жана аларды жаш муунга кантип сиңирүү зарыл?
- Кыргызстандын экспорттук артыкчылыктары кайсы тармактарда болушу керек — агрардык сектордо, жогорку технологияларда, экотуризмде же санариптик продукциядабы?
Анын айтымында, бул суроолорго жооп табуу өлкөнү мындан ары чыңдоонун фундаменталдык негиздерин түзөт.
Токон Мамытов Курултайдын коомдук-саясий процесстерге таасирин күчөтүү зарылдыгын да белгиледи.
«Элдик курултай — бул элдин үнүн чагылдырган, улуттун абийирин жана коомдун жамааттык акылын көрсөткөн өкүлчүлүктүү форум. Ал аймактардын, этностордун жана жарандык коомдун кызыкчылыктарын коргогон күчтүү коомдук платформага айланышы керек. Курултай коом менен бийликтин ортосундагы ишенимди калыбына келтирүү жана бекемдөө боюнча туруктуу механизмдин милдетин аткарууга тийиш», — деп баса белгиледи ал.