"Курманжан датка" тасмасы Буэнос-Айрес шаарында көрсөтүлдү

Маданият 26 11 Август 2026 16:10
5c77e069-e293-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_1837.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_1839_gyz6K.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
5c77e069-e293-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_1837.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_1839_gyz6K.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Режиссер Садык Шер-Нияз тарткан "Курманжан датка. Тоолордун ханышасы" тасмасы 7-августта Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында көрсөтүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында кыргызстандык жазуучу Бүбайша Арстанбекованын Лондондо англис тилинде жарык көргөн "Kurmanjan Datka: Queen of the Mountains" китеби да тааныштырылды.

Кино көрсөтүүгө дипломаттар, маданият өкүлдөрү, жазуучулар, кинематографисттер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Белгиленгендей, бул иш-чара Кыргызстан менен Латын Америкасынын ортосундагы маданий байланышты кеңейтүүгө багытталган эл аралык долбоордун алкагында өттү.