Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Улуттук мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана келечек муундарга тарыхый мурасты жеткирүү үчүн кыргыз эли өз тарыхын терең изилдеп, мамлекеттүүлүктүн калыптанышына салым кошкон инсандардын эмгегин кеңири таанышы керек. Бул тууралуу саясат таануучу жана коомдук ишмер Зайнидин Курманов кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө арналган конференцияда билдирди.
Анын айтымында, улуттук мамлекеттүүлүктүн тарыхындагы мындай маанилүү даталарды жөн гана белгилөө эмес, улуттук аң-сезимди калыптандырууга багытталган маанилүү процесс.
“Улут мамлекетсиз жашай алат, бирок мамлекет улутсуз боло албайт. Ошондуктан бул датага чоң маани берип жатабыз. Анткени улуттук аң-сезимди, улуттук өзгөчөлүктү калыптандыруу процесси жүрүшү керек. Эгерде улуттук сезимибиз, бир максатты көздөгөн эл экенибизди түшүнүү болбосо, эч кандай реформа толук ишке ашпайт”, — деди ал.
Курманов эгемендүүлүк шартында Кыргызстан өзүнүн тарыхын жана өнүгүү жолун өзү аныктап, тарыхый окуяларга илимий негизде баа бериши керектигин белгиледи. Мамлекеттин түптөлүшүнүн ар бир баскычын, тарыхый документтерди жана ошол мезгилдеги кыйынчылыктарды илимпоздор тыкыр изилдөөгө тийиш.
Ошондой эле ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы XX кылым менен гана чектелбей турганын белгилеп, Барсбек каган баштаган тарыхый инсандардын жана XX кылымдын 20–30-жылдарында мамлекеттүүлүктү түптөөгө салым кошкон Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу ишмерлердин ордун терең изилдөө зарылдыгын айтты.
“Эгерде 1920–1930-жылдары Сыдыков, Арабаев, Абдрахманов сыяктуу инсандар мамлекеттүүлүк маселесин колго албаса, бүгүн башка мамлекеттин курамында жашап калышыбыз мүмкүн эле. Ошондуктан азыркы эгемендүү мамлекеттин түптөлүшүнө кимдер салым кошконун да изилдешибиз керек. Тарыхыбызды жакшы тааныбасак, алдыга жыла албайбыз”, — деди Зайнидин Курманов.