Курман айт: Коомдук тартипти камсыздоого 10 миңден ашык милиционер тартылат

Коом Загрузка... 26 Май 2026 11:45
95664124-088e-412c-_ev8do2W.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 26.05.26 /Кабар/. Курман айт күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Мындай чара жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, ошондой эле укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу максатында көрүлүүдө.

Белгиленгендей, майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда республика боюнча коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.

Милиция кызматкерлери тарабынан мечиттерде, эл көп чогулган жайларда, базарларда, эс алуу аймактарында жана башка коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат.

Ички иштер министрлиги жарандарды коомдук тартипти сактоого, коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга жана шектүү жагдайлар, буюмдар же окуялар тууралуу ички иштер органдарына өз убагында билдирүүгө чакырат.