Күн ачык, бирок айрым жерлерде туман түшөт. 26-январга карата аба ырайы

Коом Загрузка... 26 Январь 2026 10:45
619562455_3704732133003292_9130882066171444189_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/ Бүгүн, 26-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0…+5 градус, Нарын облусунда -7…-12 градус болот. Ал эми Талас облусунда -1…+4, Ысык-Көл облуснда -2…+3, Чүй облусунда 0…+5 градуска жетет.

Бишкек шаарында абанын табы +2…+4 градус болору күтүлүүдө.