Кумтөр мамлекетке алынгандан бери бюджетке 100 млрд сом салык төктү

Экономика Загрузка... 13 Февраль 2026 11:50
1-2-scaled.jpg
copyright icon "Кумтөр Голд Компани"

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. 2021-жылдан бери мамлекеттик көзөмөлдөгү Кумтөр кенинен 100,6 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөр түшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2025-жылы кендин таза пайдасы 706 млн долларды түздү.

"Жалпысынан 5 жыл аралыгында Кумтөр кенинен 70 тонна алтын өндүрүлүп, запастар көбөйтүлдү", - деп айтылат маалыматта.