Кумтөр кенине таштандыларды жок кылуучу уникалдуу жабдык орнотулду

Экология 27 Январь 2025 11:13
nur_0972-scaled.jpg
nur_1053-scaled.jpg
nur_1149-scaled.jpg
nur_1033-scaled.jpg
nur_0998-scaled.jpg
nur_0985-scaled.jpg
nur_0977-scaled.jpg
Алдыга
Артка
nur_0972-scaled.jpg
nur_1053-scaled.jpg
nur_1149-scaled.jpg
nur_1033-scaled.jpg
nur_0998-scaled.jpg
nur_0985-scaled.jpg
nur_0977-scaled.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Кумтөр кенине таштандыларды жок кылуучу уникалдуу жабдык орнотулду.

Ишканадан билдиришкендей, орнотулган «БРЕНЕР 350 У» үлгүсүндөгү инсениратор суткасына 3 тонна калдыкты жок кылат. Жабдык эң акыркы инновациялык технологиялар менен жасалган. Таштандыларды өрттөөдө абага булганыч заттар, жада калса түтүнү да чыгарылбайт. 3 тоннадан болгону 1% таштанды калат.

Белгиленгендей, кайра иштетүүгө жараган таштандылар өз-өзүнчө чогултулат дагы кайра иштетилет. Мисалы желим заттар Кумтөрдүн колдоосу менен Саруу айылында ачылган атайын цехте, эски дөңгөлөктөр Кумтөрдүн Токмок шаарындагы заводунда кайра иштетилет.