Кумтөрдүн ашпозчулары Түркиядагы фестивалда 5 алтын утту

Коом 24 ноябрь 2025 15:23
dsc01227-scaled.jpg
dsc01169-scaled.jpg
dsc01278-scaled.jpg
dsc01288-scaled.jpg
dsc01291-scaled.jpg
dsc01292-scaled.jpg
dsc01295-1-scaled.jpg
dsc01301-scaled.jpg
Алдыга
Артка
dsc01227-scaled.jpg
dsc01169-scaled.jpg
dsc01278-scaled.jpg
dsc01288-scaled.jpg
dsc01291-scaled.jpg
dsc01292-scaled.jpg
dsc01295-1-scaled.jpg
dsc01301-scaled.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кумтөр Голд Компани" ЖАК

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Түркиянын Анталия шаарында өткөн фестивалда "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын ашпозчулар командасы чоң ийгиликтерди жаратышты.

Компаниядан билдиришкендей, Gastro Antalya деп аталган гастрономиялык фестивалда кыргызстандык ашпозчулар 5 алтын, 1 күмүш, 1 коло медалга ээ болушту.

Анын ичинен "Кумтөр Голд Компанинин" су-шеф ашпозчусу Александр Ипатов үч алтын, наабайчы Асел Жумашова жана ашпозчу Фарух Ниязовдор дагы алтын алып, фестивалдын жогорку тепкичине көтөрүлүштү. Командага күмүш медалды ашпозчу Жаныбек Калдыбай уулу алып келсе, ал эми коло медалды ашпозчу Керез Бектурова утуп алды.

Эске сала кетсек, Кумтөрдүн коомдук тамактануу бөлүмүнүн ашпозчулары жыл сайын эл аралык фестиваль, сынактарга катышып келишет. Мындай эл аралык иш-чараларга катышуу – кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген кесиптештер менен тажрыйба алмашуунун эң мыкты аянтчасы болуп саналат.