Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Кумтөр кенинде Sandvik DD322i үлгүсүндөгү заманбап санариптик өзү жүрүүчү бургулоо орнотмосу өздөштүрүлүп жатат. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай технология КМШ өлкөлөрүндөгү тоо-кен ишканаларынын арасында биринчи жолу Кумтөрдө колдонулганы турат.
"Учурда операторлор жана өндүрүштүк окутуу инструкторлору жаңы муундагы “акылдуу” техниканы башкаруу боюнча окуудан өтүп жатышат. Жаңы орнотмо электрондук бургулоо паспорттору менен иштеп, санариптик навигация аркылуу бургулоо иштериндеги тактыкты таптакыр башка деңгээлге чыгарат. Система бургуланган көзөнөктөрдүн белгиленген багыттан четтөөсүн дээрлик толугу менен жокко чыгарып, жардыруу иштеринин сапатын жана жер астындагы тоо-кен казууларынын так геометриясын камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, техника тоо массивиндеги бекемдиги төмөн тилкелерди аныктап, жардыруу иштеринин параметрлерин автоматтык түрдө тууралоого жардам берет. Бул өз кезегинде коопсуздукту жана өндүрүштүн натыйжалуулугун дагы жогорулатат.
Адистерди окутуу 2-июнга чейин уланат.
Маалымат үчүн: Алтынды жер астынан казып алуу долбоору 2025-жылы август айында башталган жана 17 жылга эсептелген. Учурда мамлекеттик баланска 147 тонна алтындын геологиялык запасы коюлган.