Кулубаев ЖККУнун ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты

Саясат Загрузка... 11 Июнь 2026 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казань шаарында Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

ТИМден билдиришкендей, жыйындын катышуучулары эл аралык жана аймактык кырдаалдын абалына, ошондой эле анын уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасирине байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Тараптар ЖККУнун тышкы байланыштарын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу пикир алышты.

Тышкы иштер министрлер кеңеши эл аралык укуктун ролун бекемдөө жана БУУнун Уставынын принциптерине берилгендик, космосто куралдануу жарышынын алдын алуу, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун башталганынын 85 жылдыгына карата, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологияларды диверсиялык жана террористтик максаттарда пайдалануу коркунучтарына каршы туруу зарылдыгы жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алды.

Тышкы иштер министрлер кеңешинин кийинки жыйыны ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алдында үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Россияда өтөт.