Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эртең, 10-июнда Казань шаарына барат.
ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында Кулубаев Россиянын төрагалыгы алдында өтө турган ЖККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунда эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.