Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын 2026-жылы ШКУга төрагалыгынын алкагында Уюмдун учурдагы ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл өткөрүлүүсү 2026-жылга пландалган ШКУ Тышкы иштер министрлер кеңешинин жана Мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйындарына даярдык көрүү иштеринин жүрүшүнө бурулду.
Жээнбек Кулубаев уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана алдыдагы саммиттин мазмундук бөлүгүн сапаттуу иштеп чыгууга багытталган ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл экенин айтты.
Министр алдыдагы саммит стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, ал Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналарын билдирди. Ошондой эле юбилейлик дата жетишилген жыйынтыктарды ар тараптуу талдоого жана ШКУнун узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн жаңы багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи.
Тараптар ошондой эле ШКУнун туруктуу органдарын институционалдык жактан чыңдоого багытталган чараларды ишке ашыруу маселелерин карап чыгышты.