Жээнбек Кулубаев Сауд Аравия ТИМ башчысы менен телефондо сүйлөштү

Саясат Загрузка... 24 Июнь 2026 18:50
31354e73-3fdc-32c0-8eb8-f141c5f88cab.png
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Сауд Аравиянын тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауддун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сауд Аравиясынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Кыргызстанды Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.

Министрлер кыргыз-сауд кызматташтыгынын кеңири маселелерин, анын ичинде саясий диалогду мындан ары чыңдоо жана эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги байланыштарды активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Тышкы иштер министрлери ошондой эле бир катар актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алышып, эл аралык уюмдардын алкагында координацияны жана өз ара колдоону мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.