Кулубаев Россия – Борбор Азия ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышты — Кабар

Кулубаев Россия – Борбор Азия ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышты

Саясат 18 апрель 2026 14:14
1000443121.jpg
1000443124.jpg
1000443120.jpg
1000443122.jpg
1000443123.jpg
Алдыга
Артка
1000443121.jpg
1000443124.jpg
1000443120.jpg
1000443122.jpg
1000443123.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 18.04.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москва шаарында өткөн Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин IX жолугушуусуна катышты.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев экономика, соода, энергетика, транспорт жана экология сыяктуу негизги секторлордо өнөктөштүктү арттыруунун, ошондой эле региондук коопсуздукту чыңдоо маселелеринин стратегиялык маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министр глобалдык чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн биргелешкен аракеттерди бириктирүүгө чакырды.

Ошондой эле өз ара сооданын жана жүк ташуулардын толук кандуу өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жаткан чектөөлөрдү жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды жоюу зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу кызыкчылык туудурган маселелер боюнча ишенимдүү пикир алмашууну үзгүлтүксүз негизде улантууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.