Кулубаев Нью-Йоркто Уругвай, Куба жана Никарагуа ТИМ башчылары менен жолукту — Кабар

Кулубаев Нью-Йоркто Уругвай, Куба жана Никарагуа ТИМ башчылары менен жолукту

Саясат 27 май 2026 12:07
IMG_0806.jpeg
IMG_0807.jpeg
IMG_0808.jpeg
IMG_0809.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_0806.jpeg
IMG_0807.jpeg
IMG_0808.jpeg
IMG_0809.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 27.05.26. /Кабар/. 26-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында Уругвай Чыгыш Республикасынын тышкы иштер министри Марио Любеткин, Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилья жана Никарагуанын тышкы иштер министри Вальдрак Людвинг Жентске Уитакер менен өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.

Тышкы саясий ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстандын ТИМ башчысы маектештерине өлкөдөгү учурдагы ички саясий абал, акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктер жана өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле кыргыз тараптын Латын Америкасы жана Кариб деңизинин өлкөлөрү менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин өзгөчө белгиледи. Бул контекстте саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле маданий-гуманитардык алмашууларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүнү сунуштады.

Көп тараптуу дипломатиянын алкагында министр жолугушуунун катышуучуларына тоолорду туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча, анын ичинде 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитин уюштуруу жана өткөрүү багытында тыгыз кызматташууга чакырды. Климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, уюшкан кылмыштуулук жана мыйзамсыз миграция сыяктуу глобалдык чакырыктарга каршы биргелешип аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Өз кезегинде маектештер Кыргызстан менен өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташууну активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле эл аралык актуалдуу чакырыктарды чечүүдө биргелешкен аракеттердин маанисин баса белгилешти.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар диалогду улантуу жана эл аралык уюмдардын, биринчи кезекте БУУнун алкагында кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашышты.