Кулубаев: Кыргызстан Борбор Азияда ынак коңшулук жана өз ара урматтоо принциптерине бекем

Коом Загрузка... 16 Ноябрь 2025 12:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 16.11.25. /Кабар/. Кыргызстан Борбор Азиядагы ынак коңшулук жана өз ара урматтоо принциптерине бекем, деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев күн мурун Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинде.

Министрдин айтымында, Кыргызстан жарандардын жыргалчылыгын жакшыртууга жана аймактык туруктуулукту чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга толук даяр.

Кеңешмеде Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна даярдыктын жүрүшү талкууланып, алдыдагы саммиттин күн тартиби, кабыл алынуучу документтердин долбоорлору жана саясий кызматташууну колдоо боюнча чаралар каралды. Ошондой эле аймактагы негизги маселелерди биргелешип чечүү жана Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган жаңы багыттар талкууга коюлду.

Жыйынтыгында тараптар көп тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин тастыктап, эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги маселелер боюнча туруктуу жана натыйжалуу диалогду улантууну макулдашты.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу бүгүн Ташкент шаарында башталат.