Кулубаев КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты — Кабар

Кулубаев КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты

Саясат 18 апрель 2026 12:35
0a8a5add-fe3a-3f81-b991-d9b9914d42a1.jpeg
2e50a823-2fb0-396b-bd8d-1e9a77763e1a.jpeg
3bb3202f-da11-399e-8b1d-1f8d025ff7db.jpeg
43bc422e-c62d-38a3-bdd1-a58bb69cf667.jpeg
0e4105bf-e68d-3042-b018-6a423ea6a941.jpeg
124a76d7-5cd5-3d8b-afb4-8318241e979b (1).jpeg
2611c722-6c51-3f61-bd4a-ea71d3590643.jpeg
Алдыга
Артка
0a8a5add-fe3a-3f81-b991-d9b9914d42a1.jpeg
2e50a823-2fb0-396b-bd8d-1e9a77763e1a.jpeg
3bb3202f-da11-399e-8b1d-1f8d025ff7db.jpeg
43bc422e-c62d-38a3-bdd1-a58bb69cf667.jpeg
0e4105bf-e68d-3042-b018-6a423ea6a941.jpeg
124a76d7-5cd5-3d8b-afb4-8318241e979b (1).jpeg
2611c722-6c51-3f61-bd4a-ea71d3590643.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 18.04.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышты.

ТИМден билдиришкендей, жыйын Москва шаарында уюмдун 35 жылдыгынын алкагында өттү.

Отурумдун жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын ортосунда кеңири жана конструктивдүү диалог уюшулуп, анын алкагында тараптар эл аралык күн тартибинин жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин кеңири талкуулашты. Учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, ошондой эле кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечектерине өзгөчө көңүл бурулду. 

Талкуулоо кеңири чөйрөдөгү темалар тууралуу позицияларды салыштырууга, учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашууга жана баа берүүгө, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон багыттарын белгилөөгө мүмкүндүк берди. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КМШнын жогорку органдарынын кароосуна киргизиле турган бир катар документтердин долбоорлорун жактырышты, шериктештиктин алкагында үзгүлтүксүз диалогду мындан ары өнүктүрүүгө жана өнөктөштүктү тереңдетүүгө умтуларын ырасташты. 

Мындан тышкары, КМШнын ТИМК кезектеги жыйынын 2026-жылдын октябрь айында Түркмөнстандын “Аваза” улуттук туристтик зонасында өткөрүү чечими кабыл алынды.