Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, учурда Калининградда Кыргызстандын Башкы консулдугун же консулдугун ачуу пландалбаганын билдирди.
Анын айтымында, бул чоң каржылык ресурстарды, кадрларды жана материалдык-техникалык камсыздоону талап кылат. Азырынча өлкө өз жарандарына Россиядагы элчилик жана Санкт-Петербургдагы Башкы консулдук аркылуу кызмат көрсөтүүнү улантат.
ТИМ башчысы жарандардын бардык кайрылуулары эске алынарын жана келечекте каржылык мүмкүнчүлүктөр болсо, жаңы өкүлчүлүктөрдү ачуу маселеси каралышы мүмкүн экенин белгиледи.
Россиянын виза саясатына токтолгон Кулубаев, Кыргызстан өз жарандарынын ал жакта жүрүүсүн жеңилдетүү жана аларды "кара тизмеден" чыгаруу үчүн россиялык өнөктөштөр менен жигердүү кызматташып жатканын баса белгиледи.
"Бирок, учурдагы "182 режими" Россиянын миграциялык кызматтарынын ички чечими катары күчүндө кала берет жана ага түздөн-түз таасир этүү мүмкүн эмес", - деди министр.
Кулубаев жарандарды, өзгөчө азыркы согуштук абалга байланыштуу шарттарда, Россиянын бийлик органдарынын бардык талаптарын, каттоо тартибин жана мыйзамдуу жүрүү эрежелерин так сактоого чакырды.