Кулубаев Британия Падышачылыгынын үй-бүлө мүчөлөрү менен жолукту

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 11:50
1771938285-1771937707-britaneti.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Күн мурун Лондон шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия мамлекеттеринин Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын Британ Падышачылыгынын үй-бүлө мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу ТИМден маалымдашты.

Эдинбург герцогу, ханзаада Эдвард менен болгон маекте Кулубаев Кыргызстандын Улуу Британия менен саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө ачык экендигин жана даярдыгын ырастады.

Ал маданий-гуманитардык кызматташууга, өзгөчө билим берүү, англис тилин үйрөнүү, климат жана туризм тармактарына өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле алдыда өтө турган XI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берип, бул иш-чара өлкөнүн маданий ар түрдүүлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган, дүйнө элдеринин туруктуу жана тынчтыкта бирге жашоосунун маанилүү элементи катары саналган уникалдуу эл аралык демилгеси экенин белгиледи.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациялардын бай мурасын сактоого жана келечек муундарга өткөрүп берүүгө, алардын адамзаттын өнүгүшүнө кошкон салымын дүйнөгө таанытууга жана маданияттар аралык диалогду чыңдоого өбөлгө түзөт", - деди Кулубаев.