Кулубаев: "Борбор Азия – Германия" форматы маанилүү аянтчага айланууда

Саясат Загрузка... 12 Февраль 2026 09:45
cea37a56-7b82-351f-8cd5-19ae9170c3e1.jpeg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Күн мурун Берлин шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Борбор Азия – Германия" форматынын министрлер деңгээлиндеги жолугушууга катышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Германиянын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда "Борбор Азия – Германия" форматындагы диалогду мындан ары бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Акыркы 30 жыл ичинде Борбор Азия мамлекеттери менен Германиянын ортосундагы мамилелердин оң нукта өнүгүп келе жатканы белгиленип, жалпы баалуулуктарга жана өз ара кызыкчылыктарга негизделген борбор азиялык-германдык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоо, ошондой эле жогорку деңгээлдеги диалогду улантуу ниети ырасталды.

Мындан тышкары, министрлер Борбор Азия өлкөлөрү менен Европа биримдигинин ортосундагы мамилелердин жандануусун канааттануу менен белгилешти.

52931047-95ca-32d0-a8e1-7ae899a9e327.jpeg

Өз сөзүндө Кулубаев Борбор Азия өлкөлөрү коңшулук мамилелер, диалог жана өз ара урматтоо принциптерине таянып, аймакта тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу багытында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин баса белгиледи. Бул өз кезегинде, сооданы кеңейтүү, инвестицияларды тартуу жана ири биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Ушуга байланыштуу "Борбор Азия – Германия" диалогдук форматы маанилүү жана суроо-талапка ээ болгон аянтчага айланып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал "жашыл" экономика, санариптештирүү, транспорт, энергетика, билим берүү жана туризм сыяктуу тармактарда практикалык жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуулугуна көңүл бурду.

Мындан тышкары, министр Жээнбек Кулубаев Европа биримдигинин санкциялык саясатына байланыштуу кыргыз тараптын олуттуу тынчсыздануусун билдирип, бир тараптуу чектөөчү чаралар Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле аймактагы мамлекеттердин европалык өнөктөштөр менен соода, каржы жана инвестициялык кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгиледи.

Ал Кыргызстандын өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактай турганын, санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү мүмкүнчүлүгүнө байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алуу максатында Европа биримдигиндеги өнөктөштөрү менен ачык жана конструктивдүү диалог жүргүзүп жатканын айтты.

Ушул өңүттөн алганда ал Кыргызстандын Европа биримдиги жана ага мүчө мамлекеттер менен тең укуктуу, өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген өнөктөштүккө даяр экенин билдирип, мындай мамиле бир тараптуу санкциялык басымга караганда өз ара пайдалуу максаттарга жетүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.