Ысык-Көл, 05.08.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бает айылында өткөн UIM F1H2O суудагы "Формула-1" дүйнө чемпионатын 120 өлкөдөн жарым миллиарддан ашык көрүүчү түз эфирде көрдү. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү спорттук мелдешти жеринен көрүү үчүн 20 миңге чукул көрүүчү келген.
“Бул масштабдуу иш-чара, Кыргызстандын туризм потенциалын эл аралык аренада өнүктүрүүгө жаңы импульс берери талашсыз", — деди Кубатов.
Мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бает айылында түзүлгөн заманбап инфраструктура сакталып, келечекте ири маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүчү туруктуу аянтча катары пайдаланыларын кошумчалады.
Иш-чараны уюштуруудагы жоопкерчилик жана даярдык көрүү процесстерине токтолгон Эдуард Кубатов коомчулуктагы түрдүү сын-пикирлерге карабай, жумуш үзгүлтүксүз алып барылганын белгиледи.
“Мелдешти жогорку деңгээлде өткөрүү чоң жоопкерчиликти талап кылды. Социалдык тармактарда түрдүү пикирлерди сабырдуулук менен жеңдик. Иш менен далилдедик. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2-3 күн эс алууну сунуштаганы менен, эс алууга убакыт жок. Учурда Бает айылындагы инфраструктурада жыйынтыктоочу жумуштар уланып жатат, ошондой эле Кыргыз-Россия экономикалык форумуна катышуудамын", — деди ал.
Экологиялык коопсуздук маселеси боюнча жетекчи төмөнкүлөрдү билдирди:
- Жарышка чейин, мелдешти өткөрүү учурунда жана андан кийин да жергиликтүү жана эл аралык көз карандысыз экологдор көлдүн суусу менен абасынан үлгүлөрдү алып турушту.
- Текшерүүлөрдүн толук жыйынтыгы жакында коомчулукка ачык жарыяланат. Ысык-Көлдүн экологиясына эч кандай зыян келтирилген жок.
Ал эми турнирге ата мекендик спортчулардын катышпаганын Кубатов өлкөдө бул спорт түрү жаңыдан гана жанданып жатканы менен түшүндүрдү.
"Суудагы “Формула-1” жарышы өлкөбүздө биринчи жолу өтүп жатат, ошондуктан азырынча бул багыт боюнча атайын даярдыктан өткөн спортчуларыбыз жок. Бирок Кыргызстанда таланттуу жаштар абдан көп. Бизге үч жыл убакыт бергиле, эл аралык аренага атаандаштыкка жөндөмдүү күчтүү спортчуларды даярдап чыгарабыз", — деп жыйынтыктады сөзүн Эдуард Кубатов.