Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык самбочулар 7 медаль утту

Спорт

Алдыга
Артка

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын курама командасы 6–8-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн самбо боюнча юбилейлик, 50-дүйнө чемпионатында бир алтын, бир күмүш жана беш коло медаль багындырды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, дүйнө чемпионатына 101 өлкөдөн келген 500дөн ашык спортчу катышты. Үч күндүк мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык самбочулар ар кандай дисциплиналар боюнча ийгиликтүү өнөр көрсөтүштү.

Алтын медалды көзү азиз спортчулар арасындагы самбо боюнча (SVI-1) 50 кг чейинки салмакта Надежда Рак жеңип алды. Ал финалдык беттеште Өзбекстандын өкүлү Чарос Ортикованы утту.

Күмүш медалга күжүрмөн самбо боюнча 54 кг чейинки салмакта Акак Үсөн кызы ээ болду.

Коло медалдарды төмөнкү спортчулар жеңип алышты:

  • Феликс Уланбеков — спорттук самбо, 79 кг чейин;
  • Кимал Оболбеков — спорттук самбо, 58 кг чейин;
  • Сүймөнкул Молдобеков — спорттук самбо (SVI-1), 64 кг чейин;
  • Даниель Асеков — күжүрмөн самбо, 58 кг чейин;
  • Мераида Медетбек кызы — күжүрмөн самбо, 65 кг чейин.