Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Бизнести текшерүүгө мораторий – бул бизнести колдоо боюнча мамлекеттик максаттуу саясат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин Лицензия берүү тутуму жана кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубат Шатманалиев билдирди.
Анын айтымында, бизнести текшерүүгө мораторий 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болгон.
“Ишкердикти текшерүүгө мораторий өлкөбүздө бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында киргизилген. Мунун баары жөн эле эмес. Бизнести колдоо, ишкерлер иштеп, өнүксүн деген максаттуу саясат экенин эл түшүнүүсү керек. Мораторий бир нече жолу киргизилген. Маселен, 2010-жылы өлкөдө революция, 2021-жылы бүткүл дүйнөдө пандемия болгондо баарына кыйын болгон. Ал эми өкмөт ишкерлерди колдоо максатында алардын ишин текшерүү менен татаалдаштырбоо үчүн мораторий киргизген. Мына ушуну түшүнүү керек”, - деди ал.