Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы жумадагы КРВИ жана сасык тумоого чалдыккандардын санынын өсүшү бул – оорулардын кадимки сезондук көбөйүшү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директорунун орун басары Чолпон Шамсутдин “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Ал ооругандардын санынын өсүшү күтүлгөнүн, учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал көзөмөлдөнүп жатканын жана божомолдонгон чектен ашпаганын белгиледи.
“Жылда суук аба ырайына байланыштуу ушул мезгилде ооругандардын саны көбөйөрү бизге белгилүү, ошондуктан калк арасында алдын алуу иштерин буга чейин эле жүргүзүп баштаганбыз. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык жарандарды элементардык гигиналык эрежелерди сактоого чакырам. Колду тез-тезден самындап жууп, коомдук жайларда өзгөчө ооруган адамдар бет кап кийип жүрүүсү зарыл. Эң негизгиси эшиктен үйгө келгенде эки ирээт колду самындап жууп, мурундун ичин суу менен чайкоо керек”, - дейт Чолпон Шамсутдин.
Дарыгердин айтымында, оору өткөн жумага салыштырмалуу 3 пайызга өскөндүгү сезондук оорунун көбөйүшү катары бааланат жана эч кандай коркунуч жаратпайт.
Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунун 17-февралдагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 10-февралдан 16-февралга чейинки бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 миң 796 учуру жана сасык тумоонун 73 учуру катталып, ооругандардын 4,4 пайызы же 483 адам ооруканага жаткырылган. Ошондой эле оору өткөн жумага салыштырмалуу 3 пайызга өскөнү маалымдалган.