Бишкек, 16.05.26. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер, персоналдык пенсионер Бейшенов Самат Бейшенович 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Самат Бейшенов өлкөнүн жеңил өнөр жай тутумунда жетекчилик кызматтарда узак жана даңктуу эмгек жолун басып өткөн. Ленинград жеңил өнөр жай институтун аяктагандан кийин, ал өз кесипкөйлүгү менен Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай министринин биринчи орун басарынын деңгээлине чейин көтөрүлгөн. Ал өлкө экономикасынын флагмандары болгон Камволдук-вут комбинаты, Байпак-носки өндүрүштүк бирикмеси, ”Илбирс“ трикотаж бирикмеси жана Ысык-Ата ”Семетей“ тери-нооту фабрикасы сыяктуу эң ири ишканаларды ийгиликтүү жетектеген.
Анын жетекчилиги астында борбор калаада жана өлкөнүн аймактарында бир катар маанилүү тармактык объекттер курулуп, ишке берилген. Самат Бейшенович өзүнүн уюштуруучулук талантынын аркасында совет доорунда да, эгемендүү Кыргызстандын заманбап рыноктук шарттарында өндүрүштү өнүктүрүүдө да жогорку көрсөткүчтөргө жетише алган.
Анын сиңирген эмгеги бүгүнкү күндүн ийгиликтерине бекем пайдубал болду. Учурда жеңил өнөр жай тармагынын миңдеген кызматкерлери ата мекендик ички рынокто гана эмес, чет өлкөлөрдө да кеңири таанымал болгон ”Made in Kyrgyzstan“ бренди менен атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды чыгарууну ийгиликтүү улантууда.
Мамлекет Самат Бейшеновдун өлкөнүн өнөр жай потенциалын чыңдоого жана адамдык ресурстарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын жогору баалап, ”Ардак белгиси“ жана ”Эмгек кызыл Туу“ ордендери, бир катар өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлаган. Ошондой эле ага ”Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер“ деген ардактуу наам берилген.
Биздин замандын чыгаан жетекчисинин өмүр жолу жана жаркын карьерасы кыргызстандыктардын кийинки муундары менен жаш башкаруучулары үчүн чыныгы үлгү болуп калат. Мамлекеттик жана коомдук ишмер, кесипкөй жетекчи Самат Бейшеновичтин жаркын элеси жакындарынын, туугандарынын, кесиптештеринин жана аны билген бардык инсандардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.