Бишкек, 18.10.26. /Кабар/. Кыргыз маданияты жана архитектура тармагы орду толгус оор жоготууга учурады.
2026-жылдын 18-октябрында 79 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Даңк» медалынын ээси, көрүнүктүү архитектор Айдарбеков Эдил Айдарбекович дүйнөдөн кайтты.
Эдил Айдарбекович 1947-жылдын 21-февралында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында жарык дүйнөгө келген.
1970-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура-курулуш факультетин аяктаган. 1970-1972-жылдары Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн. Аскердик кызматтан кайтып келгенден кийин Фрунзе шаарындагы башкы долбоорлоо институттарында «Кыргызгипрострой» мамлекеттик долбоорлоо институтунда жана «Фрунзегорпроект» институтунда архитектор болуп эмгектенген.
Эдил Айдарбековичтин кесиптик ишмердиги турак жай, коомдук жана жарандык имараттарды долбоорлоо жана куруу менен тыгыз байланышкан. Ал өлкөбүздүн шаар куруу жана архитектуралык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, көптөгөн типтүү жана жеке долбоордогу имараттарды иштеп чыгууга катышкан. Анын эмгеги өлкөбүздүн архитектуралык чөйрөсүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө өз изин калтырган.
1976-жылдан тартып СССР Архитекторлор союзунун мүчөсү болгон.
Кесиптик ишинин эмгектенген жылдары бир катар маанилүү долбоорлорду иштеп чыгууга катышкан, алардын катарында:
1974-жылы Фрунзе шаарындагы театрдык устаканалары;
1975-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын эксперименталдык базасы;
1975-жылы «105» сериясындагы үйлөргө ылайыкталган дүкөндөрү;
1976-жылы Совет жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги тогуз кабаттуу турак үйү.
Эдил Айдарбековичтин кыргыз элинин тарыхындагы эң көрүнүктүү жана өчпөс эмгектеринин бири Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлошу болушу.
Ал Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыковдор менен биргеликте Кыргыз Республикасынын маанилүү мамлекеттик символдорунун бири болгон Мамлекеттик туунун долбоорун иштеп чыгууга катышкан. Элдин улуттук аң-сезимин, тарыхый-мурасын жана мамлекеттүүлүгүн даңазалаган бул символ 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Анын өлкөнүн маданиятына жана архитектурасына кошкон зор салымы мамлекет тарабынан жогору бааланган. 2011-жылы «Даңк» медалы менен сыйланып, 2022-жылы кыргыз маданиятына жана архитектурасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылган.
Өмүрүнүн акыркы жылдарында Н. Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунда ага окутуучу болуп эмгектенип, өзүнүн терең билимин, кесиптик тажрыйбасын жана тандап алган ишине болгон сүйүүсүн жаш муундарга үйрөтүп келген.
Эдил Айдарбекович чыгармачылыкка, архитектурага жана өз элине кызмат кылууга өмүрүн арнаган. Ал кыргыз маданиятынын жана архитектурасынын тарыхында таланттуу архитектор, өз ишине берилген кесипкөй адис жана өлкөбүздүн негизги мамлекеттик символдорунун бирин жаратууга зор салым кошкон инсан катары түбөлүккө калат.
Анын кесиптик мурасы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана улуттук маданият менен архитектуранын өнүгүшүнө кошкон салымы – келечек муундар үчүн баа жеткис мурас.
Айдарбеков Эдил Айдарбековичтин жаркын элеси, адамдык асыл сапаттары жана элине сиңирген эмгеги биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана аны тааныган жана баалаган бардык адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, У.Э. Маматканов, А.С. Кадыралиев, А. Джумагулов, М.Ш. Шеримкулов, Т.С. Садыков,
С.С. Касмамбетов, Ы.Ы. Атажанов, А.Т. Түмөнбаев, Г.С. Молдобекова, Т.М. Муратбеков, М.К. Мамбеталиев, Г.Т. Исаматова, Д.Ш. Кендирбаева, Н.К. Орунтаев, М.К. Кожоев,
Б.Ж. Жетигенов, Ж.Т. Ормонов, Ж.Д. Жунушев, М.И. Бейшенбаев, К.О. Иманалиев ж.б.